jasqazaq.kz

Қырғыз азаматы Яxия Машрапов Ыстамбулдағы терактіге қатысы жоқ екенін мәлімдеді (видео)

03 қантар 2017, 23:53
Стамбулда 39 адамды өлтүргөн терактка шектүү делип паспортунун сүрөтү интернетке тараган кыргызстандык жарандын аталган кылмышка тиешеси жок экени аныкталды. Аты аталып жаткан Яхье Машрапов (Iakhe Mashrapov) бүгүн, 3-январда саат 07:00дө Түркиядан Бишкектеги «Манас» аэропортуна учуп келди. Бишкектен чыккан учак менен «Ош» аэропортуна саат 09:00дө конду.
Аталган маалымат интернетке тарагандан кийин УКМКнын кызматкерлери 1988-жылы туулган Яхье Машраповду Кара-Суудан суракка алышты. Жыйынтыгында анын терактка тиешеси жоктугу такталды. Маалым болгондой, теракт болгон күнү Я.Машрапов Кыргызстанда болгон.

Я.Машрапов менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешип келди.

«1-январь күнү Бишкектен Стамбулга учуп баргам. Соодага байланыштуу иштеримди бүтүрүп, кайра Стамбулдагы аэропортко келдим. Учакка отурсам Түркиянын укук коргоочулары мени алып түшүп, 1 саат бою суракка алышты. Андан улам Бишкекке учуучу учак 1 саат кармалып турду. Акырында укук коргоочулар терактка байланыштуу суракка алышканын, шектүүгө түспөлдөш экенимди айтып, кечирим сурап узатып коюшту.

Шектүү деп айтылып, сүрөтү тараган адамды мен тааныбайм. Бирок менин паспортум кантип тарап кеткенин билбейм. Өзүм кара-суулукмун, 2011-жылдан бери Кара-Суудагы «Тураталы» базарында соода кылам. Теракт болгон 31-декабрь күнү мен Кыргызстанда болгом. Стамбулдагы терактка таптакыр тиешем жок. 2011-жылдан бери соода иштерине байланыштуу Стамбулга барып турам», — деди Я.Машрапов.

Ал 28-декабрда Стамбулга учуп барып, 30-декабрда кайра Кыргызстанга учуп келген. 31-декабрда Кыргызстанда болуп, 1-январь күнү Стамбулга учуп барган. Бишкекке бүгүн кайтып келди.

 

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы «Рейна» түнкү клубуна болгон кол салуудан 39 адам каза болгону маалымдалууда. Теракттын аткаруучусу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай маалыматтар тарап жатат.

 

https://www.youtube.com/watch?v=cQO6Bgem_-I&feature=youtu.be

turmush.kg

26 наурыз, 14:08
Әлібек Молдакәрімов: Өңірдегі жобалар негізінен өңдеу өнеркәсібіне бағытталған
26 наурыз, 12:46
АЭС құрылысы: Дұрыстығы дәлелденген тарихи шешім
20 наурыз, 11:24
Қорғаныс қабілеті мықты мемлекет ертеңге сеніммен қарайды
19 наурыз, 12:31
Әскери ынтымақтастық: Қуатты қорғаныс саясатының берік кепілі
18 наурыз, 13:39
«Таза Қазақстан» әркімнің өзінен басталады
18 наурыз, 12:56
Мирас Тоқтарханов: Абай облысында ауыл шаруашылығының барлық бағытына қолдау бар
17 наурыз, 15:22
Мұнай өңдеу: Әлеует пен әрекет үндескенде
17 наурыз, 12:25
Рәтбек Демеуберген: Біздің басты міндетіміз - кез келген жағдайға жедел әрекет ету
16 наурыз, 14:26
Бауыржан Ізмағамбетов: Ауыз су жүйесімен қамту деңгейі 100 пайызға жетті